Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Кызыл-Кыя Тамеки заводунун иши жанданды (фоторепортаж)

Аймак
05 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
18
Кызыл-Кыя Тамеки заводунун жетекчиси Абдимиталип  Жумабаевдин айтымында 2012-жылдан бери сырёнун жана инвесторлордун жоктугунун иши токтоп турган завод, капиталдык ремонттон өтүп кайра иштеп баштады.
Завод үстүбүздөгү жылдын май айынан баштап Литва мамлекетинин Виргис компаниясы менен келишим түзгөн. Учурда аймактагы дыйкандар өндүргөн  тамекинин көлөмү 50 тоннага жетип, баары заводго алынды.
Келерки жылга  завод 2000 тоннага чейин тамеки алууну пландоодо. Ал үчүн азыртан завод администрациясы дыйкан чарбалар, дыйкандар менен келишим түзүп,алдын ала керектүү каражаттарын берип жатат.
Заводдо быйыл  100 адамга жумуш орун түзүлсө, келерки жылга жумушчулардын санын 500 чамалайт жана алардын маянасы  10 миң сомдон жогору болот дейт завод жетекчиси.
Өндүрүлгөн продукция Европага экспорттолот.
Завод 20 миң тоннага продукцияны иштетүүгө ылайыкташтырылган. Бул иш канага жалаң эле Кызыл-Кыя шаарынын эмес, Кадамжай районунун, ош облусунун Ноокат, Араван райондорунун дыйкандары өндүргөн тамекисин тапшырышкан.  
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу