Курс НБ на 19.09.2018 $69,4042 €81,1127

Кызматташуу келишимине ылайык Түркия тарап Нарын облусунда долбоорлорду ишке ашыра баштады

Аймак
09 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
79

2018-жылдын 6-июлунда Нарын облусуна Түркия мамлекетинин Кастамону облусунан делегация келди.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун чакыруусу менен экинчи ирет келип жаткан делегацияны Кастамону университетинин ректору Сейит Айдин, Кастамону шаарынын вице-мэри Ахмет Севгилиоглу жетектеп келди. Алар алдын ала жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө ылайык Нарын шаарындагы «Алма бак» эс алуу жайын реконструкциялоо жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдында ветеринардык лаборатория, кыргыз-түрк факультетин курууга долбоор даярдоо үчүн  объектилерди жеринде көрүү максатында келишти.

Алгач делегация облус башчынын кабыл алуусунда болду. А.Кайыпов чакырууну кабыл алып, сунушталган долбоорлорду ишке ашырууга салым кошуп жатканы үчүн түркиялык жетекчилерге ыраазычылык билдирди.

Ахмет Севгилиоглу Кастамону шаарынын мэринин Нарын жетекчилерине берген убадаларын аткаруу үчүн келгенин белгилеп, кесиби архитектор болгону үчүн реконструкция болуучу паркты жеринде көрүү менен кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин маалымдады.

Андан соң Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов, архитектор Эркин Рахатбек уулу жана тийиштүү мекеме жетекчилеринин катышуусунда «Алма бак» сейил багын кыдырып, түркиялыктар тарабынан алдын ала даярдалган долбоор такталды. Кызматташтык келишиминин негизинде Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата алгачкы белеги катары Нарын шаарындагы "Алма-бак" паркы калктын ар бир жарандын жаш өзгөчөлүгүнө жараша эс алууга бардык шарты менен реконструкцияланат. Орто жаш, улуу муунга ылайыкталган спорттук аянтчалар, тренажердук инвентарлар, балдар ойноочу аянтча, көлмөлөр, үй-бүлөлүк эс алууга ылайыкталган эс алуу аянты жана башка пландалган. Вице-мэрдин маалыматында Нарын шаарынын мэриясы 3 сейил бак сунуштап, Түркия тарап көлөмү жагынан чоң болуп эсептелген «Алма бакты» тандап алышкан. Бардык мыйзамдуу жагы каралып, сейил бактын ичиндеги курулуучу объектилердин жайгашуусу такталган соң реконструкция иштери жүргүзүлө баштайт.

Кийинки объект С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети болду. Агрардык-техникалык факультетинин материалдык-техникалык базасы жана кыргыз-түрк факультетинин курулуш долбоору тааныштырылды.

Эске салсак, кыргыз-түрк достук мамилеси жана социалдык-экономикалык, маданий байланыштарды бекемдөө максатында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Түркия мамлекетинин Кастамону облусу эки тараптуу келишимге кол коюшкан.

2017-жылдын 19-декабрында, Нарын шаарына Түркия мамлекетинин Кастамону облусунун өнөр-жай, электроника, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы жана башка багыттар боюнча  ишкерлик кылган делегация мүчөлөрүнө Нарын облусундагы өнөр-жай, айыл-чарба багытындагы долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кароо сунушталган.

2018-жылдын январь айында кайрадан Кастамону облусунун чакыруусу менен Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов башында турган делегация Түркияга барды. Облустук, шаардык башкаруу органдарында жана жогорку окуу жайларында болуп, ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүп келишкен. Анда жакынкы жылдары көмүрдү брикеттөө боюнча жана этти кайра иштетүү комбинатын куруу, кымыз экспорттоо, жүндү кайра иштетүү боюнча долбоорлор талкууланган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында нарындык дарыгерлерди квартал сайын Кастамону облусундагы медициналык клиникаларга тажрыйба алмашуу үчүн жиберүү чечилген. Андан сырткары, Нарын мамлекеттик университетинин базасында түрк тили жана маданият борборун, заманбап илимий лаборатория ачуу, Нарын университетинин бүтүрүүчүлөрүнө кош диплом берүү боюнча макулдашылып, эки калаанын достугунун урматына Нарындын борборунда достук паркы куруу макулдаштылган

2018-жылдын 5-7-февралында Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов баштаган делегация Кастамону жана Анкара шаарында болушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча достук келишимине кол коюшкан.


Дүйшөк кызы Айнура, Нарын облусу



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу