Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

Кышкы каникулдар учурунда мектеп окуучулары үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү (фоторепортаж)

Аймак
11 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
705
Кчээ 10-январда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун мектеп окуучулары КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында болуп, мамлекеттик кызматкерлердин иш орду менен таанышты.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн иш бөлмөсү менен таанышуу учурунда 20 баланын ичинен 5 окуучу өзүн облус башчысынын орунтугуна отуруп, жетекчи катары сөз сүйлөп, тилектерин ишке ашырышты.  
Окуучулар имараттын ар бир кабатындагы иш бөлмөлөрдө болуп кызматкерлер менен пикир алышышты. Ал эми Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Аппарат жетекчи Жаныбек Дюшеев балдардын суроолоруна жооп берип, аларга окуудагы ийгиликтерди каалоо менен бирге ыйгарым укуктуу өкүлдүн атынан белектерди тапшырышты.  
Иш чара облус башчысынын мектеп окуучуларынын  кышкы каникулдардагы эс алуусун уюштуруу тапшырмасына ылайык, 5-11-класстарда окуп жаткан жетим жана томолой жетим балдар үчүн Ат-Башы райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
 
Дүйшөк кызы Айнура, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.