Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Кышка даярдык кандай?

Аймак
29 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
811
Ош шаардык мэриясында  2016-2017-жылдын кышкы сезонуна карата  даярдык боюнча Штабдын жыйыны болду. Жыйынды вице-мэр Асылбек Топчубаев   өткөрүп, ага  мэриянын тиешелүү бөлүмүнүн  башчылары, коммуналдык кызматтардын, ведомстволор жана жылуулук менен камсыздоо мекемелеринин жетекчилери, шаардын  территориалдык кеңештеринин төрагалары катышты.
     Ош ТЭЦ  ишканасынын маалыматы боюнча жылуулук сезонуна карата  Ош ТЭЦ  3 жылуулук агрегаттары  график боюнча  толук даяр, 7512 тонна мазут  даярдалды,  кышка карата жалпысынан 7000 тонна мазут керек. Ал эми   “Жылуулук  менен камсыздоо” ишканасындагы  74 буу казандарынын 68и ремонттолгон,  4411 тонна көмүр жеткирилген.Магистралдык жана  кварталдык жылуулук  түтүктөрү  белгиленген  график боюнча  ремонттоо иштери жүрүп жатканын белгилешти.
Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.