Курс НБ на 16.11.2018 $69,8492 €79,0658

Кырсыктаган тик учак боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат

Аймак
11 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
93
Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева кабарлады. Анын айтымында, Аскер прокуратурасы менен Башкы штабдын кызмат адамдарынан турган комиссия түзүлүп, өз ишин баштаган. Маалым болгондой, тик учак азырынча кырсык болгон жерден чыгарыла элек. Ал Түштүк Эңилчекке бир жак капталы менен кулап, жараксыз абалга кептелген. Эске салсак, 9-июль күнү Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учагы Хан-Теңири чокусуна жакын жердеги Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапка кулап, кырсыктаган.
Жазгүл Кенжетаева  


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.