Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Кырсык болгон көмүр шахтасы, бир жыл мурда жабылган болчу

Аймак
30 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
37
2017-жылдын 22-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Кеңешмесинин отуруму болуп, анда Баткен облусунун аймагында көмүр шахталарында жана башка өнөр-жай өндүрүш ишканаларындагы кырсыктар, адам өлүмүн болтурбоо боюнча  маселелер каралган.
Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Кеңешмесинин отурумунда мамлекеттик геология тарабынан шахталарды иштетүүгө берилип жаткан лицензиялар боюнча материалдарды топтоп, ал лицензияларды жокко чыгаруу боюнча сот органдарына берүү боюнча протоколдук тапшырма коюлган.
   2016-жылдын 9-декабрында Баткен, Сүлүктү шаары, Баткен, Лейлек райондору боюнча   регионалдык  Экологиялык жана техникалык коопсуздук   боюнча башкармалыгы тарабынан, Самаркандек айыл аймагынын “Сары-Таш”, “Үңкүр”, “Кызыл-Кошун” участкаларына шахталардагы кырсыктардын алдын алуу боюнча рейд жүргүзүлгөн.
 Рейд учурунда бир катар өз алдынча шахта ачуулар аныкталып, 2016-жылдын 9-декбрында Самаркандек айыл аймагынын башчысы                        Н.Орозовго “Бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйрук”  берилген.
 Баткен районунун акими тарабынан 2016-жылдын 13-декабрында №01-14/149 сандуу буйругу менен, мыйзамсыз көмүр кендерин казууга бөгөт коюу жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу боюнча комиссия түзүлгөн.
 Аталган комиссия, Самаркандек айыл аймагынын Сары-Таш жана Гарым участкаларында иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.
 Жыйынтыгында 11 атуул мыйзамсыз көмүр казуу иштерин жүргүзүп жаткандыктары аныкталып, аларга жыйында эскертилип, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырылган.
 Аталган материалдарды райондук прокуратура жана КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Баткен облусундагы башкармалыктары карап, сот органына өткөрүп берилген.
Сот органдары тарабынан,   мыйзамсыз көмүр казуу иштерин жүргүзгөн 6 адамга 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 2 жыл шарттуу түрдө эркиндигинен ажыратылып, 3000 сомдон айып пул салынган.
 Бирок ошого карабастан  2017-жылдын 26-октябрь күнү, болжол менен саат  16.00 чамасында,  Самаркандек айыл аймагынын Паскы – Арык айылынын тургуну  1970-жылы туулган  Сарыбай Ормонов, Миң-Өрүк айылынын тургуну 1972-жылы  туулган Икрам Ибрагимов, 1987-жылы  туулган Акмат уулу Улукбектер көмүр  казуу үчүн өз  алдынча  шахтага кирип, жер астынан чыккан уулуу газга ууланып каза  болгон.
2017-жылдын 27-октябрда саат 00:20 да окуя болгон жерге 1-ОМГСВ  взводунан 8 куткаруучу жана Баткен районунун акими К.Салихов, райондук  ИИБнөн 2  милиция  ызматкери, жергиликтүү  элдерден  4 адам, райондук  прокуратурадан 1 кызматкер, Самаркандек айыл  аймагынын башчысы  Насыр Орозов болуп барышкан.  
 Куткаруучулар,  Гарым участкасындагы шахтыга кирип саат болжол менен 01.30 чамасында  жогорудагы 3 адамдын жансыз денесин,  85-92 м тереңдиктен  чыгарышкан.
 Бул багытта 2017-жылдын 16-октябрында Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан №01-14/132 сандуу буйругу менен мыйзамсыз көмүр кендерин казууга бөгөт коюу жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу боюнча комиссия түзүлүп, иш-чараларды алып барып жатат.
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу