Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

Аймак
07 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
561
Кыргыз-тажик чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  Сейсмология
институтуна шилтеме берип маалымдады. Маалыматтарга караганда, жер титирөө 6-сентябрь күнү саат 17:07 чамасында кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде катталган. Жер титирөөнүн очогу  Бар-Дөбө айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Киндик айылынан 25 чакырым түштүктө, Нура айылынан 42 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү  калк жашаган аймактарда 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтарга караганда жабыр тарткандар катталган жок.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.