Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Кыргыз-казак достугун чыңдаган Кайрат Нуртас

Аймак
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
1047
Ош шаарынын борбордук стадионунда “No name” командасы менен казак элинин белгилүү ырчысы Кайрат Нуртастын чоң программадагы концерти болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров катышып, калаа башчысы Айтмамат Кадырбаевдин атынан уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.Ошондой эле, “Тарых жана маданият” жылынын алкагында кыргыз-казак элдеринин маданият искусство чеберлеринин катышуусундагы концерттик шоу-программаны жогорку деңгээлде уюштургандыгы, Ош шаарынын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн “No name” командасынын жетекчилери Мурат Жалиев менен Кадырбек Жармаматов Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыгы менен сыйланды. 
  Ал эми Кайрат Нуртаска кыргыз-казак достугунун өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы жана Ош шаарынын элине жогорку деңгээлдеги концерттик шоу-программа тартуулагандыгы үчүн  Ыраазычылык баракча тапшырылды.Концертти  Кыргызстандын белгилүү эстрада ырчылары менен бийчилери коштоду.
Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.