Курс НБ на 19.06.2018 $68,3208 €78,9344

Кыргыз боксунун 90 жылдыгы белгиленди (фоторепортаж)

Аймак
26 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
129
 Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт мектебинин залында Кыргыз боксунун түзүлгөндүгүнүн  90 жылдыгы белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри А. Кадырбаев, шаардык бокс Федерациясынын президенти М. Маметов, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, спорт ардагерлери жана спортчулар катышты.
Шаар мэри Кыргыз боксунун өнүгүшүнө салым кошкон  спорт ардагерлерин жана спортчуларды куттуктап сөз сүйлөдү.
-“ Мамлекетибизде ошол эле мезгилде шаарыбызда спортко , айрыкча спорт менен машыккан жаштарга, өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгы баарыбызга маалым. Кыргызстандын эртеңки күнү дени сак, бакубат, сергек жаштарыбыздын колунда экендигине басым жасалып, жаштарыбыздын спортко болгон кызыгуусун арттырууга кам көрүлүп жана кыргыз спортун өнүктүрүү боюнча демилге жалпы коомчулук тарабынан колдоого алынып келүүдө. Акыркы 4 жылда Ош шаарында 4 спорт зал пайдаланууга берилди.  Бүгүнкү күндө  шаардын аймагында 5 спорттук мектепте, 36 спорттук залда спорттун 21 түрүнөн машыгуулар өткөрүлүүдө.
Учурда СССРдин жана Кыргыз Республикасынын бокс боюнча чеберлеринин саны 111ди түзөт жана спорттун чеберлигине 55тен ашуун талапкер даярдалган. Келечекте кыргыз спорту дүйнөлүк аренада татыктуу ордун таап, баш байгелерди алып, спорттун бардык түрлөрүнөн Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган мекенчилдик сезими курч спортчуларды жана спорттун чеберлерин даярдоо, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү биздин милдетибиз деп эсептейм”,-деди А.Кадырбаев.
Иш- чаранын жүрүшүндө А. Кадырбаев  Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, спортту, анын ичинде боксту өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн бир катар спортчуларга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын тапшырды.
Ошондой эле, Ош шаарында спортту, анын ичинде боксту өнүктүрүүгө, спорт чеберлерин даярдоого кошкон салымы жана дени сак келечек муунду тарбиялоо жаатында жигердүү, ак ниет эмгеги үчүн бокс боюнча калыстарга, машыктуруучуларга мэриянын Алкыш баракчаларын ыйгарды.
 
 Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.