Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Квеноя өсүмдүгү менен кокон гиласы Кара-Буурада өстүрүлдү

Аймак
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
604
Квеноя өсүмдүгү көп ооруларды айыктырууга жөндөмдүү болгон, витаминдуу азык. Айрыкча рак оорусунун 1-2-стадиясындагы ооруларды дарылоодо эң пайдалуу.Аны  Кара-Буура районундагы Аманбаев айыл аймагынын  дыйканы Абдыжапар Турдалиев  өстүргөн. Анын айтымында аталган өсүмдүктү биздин республикада өстүрүү же сатып өткөрүү жагы жакшы өнүккөн эмес. Бирок, бул өсүмдүктү ири аянтка айдап,  өстрүүнү колго ала турган болсо, анда аны сатып өткөрүү маселеси да чечилип, андан жакшы пайда табууга болот. Квеноянын 1 кг баасы Европада 40 евродон сатылат.
Ушул эле райондун Чолпонбай айыл аймагында дыйкан Мирзат Маткеримов 20 гектар жерди ижарага алып, анын 6 гектар жерин өздөштүрүп, мында 1 миң түп кокон гиластын, 4 миң түп Баткен кара өрүгүнүн көчөттөрүн отургузган. Быйылкы жылда эле отургузулган бул көчөттөрдүн 90 пайыздан ашыгы өнүп чыккан. Дыйкандын айтымында эки жылдан соң мээнети кайтып, жакшы түшүм алары күтүлүүдө. Бул бак аянттары отургузулган жерлер, мурда иштетилбеген, кайракы суу келбеген аймак болгон.  Мирзат Маткеримов чөлдүү аймакка суу тартып келип, жашыл шиберге айландырган.
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.