Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Кургак учукту дарылоодо кайдыгерликке барбайлы

Аймак
07 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
790
   Кургак учук оорусунун жугуштуу коркунучун кескин түрдө азайтуу максатында Жалал-Абад облустундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде бейтаптарды жугуштуулук индексине ылайык өзүнчө кабыл алуу жүргүзүлүп жатат. Алсак, бул маселе Рейнгольд Бауэр атындагы Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда дурус жолго коюлган деп айтууга болот. Борбордогу бардык өпкө бөлүмдөрүндө калкалагыч  эшиктер коюлуп, бир өпкө бөлүмүндө өзүнчө автономдуу даараткана менен мончо салынды. Борбордогу суунун саркынды калдыктары чыккан түтүктөрү эскилиги жеткендигине байланыштуу аларды толугу менен жаңылоо иштери аягына чыгуунун алдында турат.
    Өткөн жылы кургак учук менен ооруган бейтаптардын арасынан коркунучтуу ВИЧ/СПИД дартын алдын алып изилдөө жагы дагы ийгиликтүү колго алынды. 2015-жыл ичинде бул дартты изилдеп табуу максатында 1893 оорулуу текшерилди. Анын натыйжасында 28 оорулуудан  ВИЧ/СПИД дартына чалдыккандар аныкталган. Былтыркы жылы республика боюнча кургак учук оорусунан 346 адам каза болуп, 100 миң калктын санына алганда 5,9 пайызды түзгөн болсо, бул көрсөткүч жагынан Жалал-Абад облустунда 54 адам каза болуп, 100 миң адамдын санына алганда 4,9 пайызды берген.
    Жалал-Абад облустунда кургак учук менен биринчи жолу ооруп катталгандар Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунда кескин көбөйүп кеткен. Цифрага кайрылсак, 2015-жылы облус боюнча кургак учук оорусу менен биринчи жолу 868 адам такталып, аныкталып  катталган. Бул деген 100 миң адамга эсептегенде 77,3 пайызда түзөт.
     Жогоруда аталган райондордогу кургак учук оорусунун көбөйүп кетүүсүн изилдегенде анын негизги себептери төмөнкүлөр болуп чыккан. Сузак районунда  жаңы табылган 268 оорулуунун 51 оорулуусу чет өлкөдө иштешкен эмгек мигранттары болушкан мекендештерибиз болуп чыкты. Алар жаңы табылган бейтаптардын 18 пайызын жараткан. Ал эми Токтогул районунда кургак учук жагдайындагы эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Анткени жаңыдан аныкталган 84 оорулуу райондогу саламаттыкты сактоо мекемелерине өздөрү келип кайрылышкан. Алардын 14ү Бишкек шаарында жана Чүй облустунда жашагандар болуп чыкты. Дегинкисин алганда Токтогул районунда социалдык коркунучтуу жана жугуштуу ооруга кирген кургак учукка жетишээрлик көңүл бурулбай келе жатат. Анын натыйжасында өткөн жылы 7 жашар бала кургак учуктун менингити менен ооруп көз жумду. Биринчи жолу кайрылган оорулуулардын арасында 7 оорулуу кургак учуктун өтүшүп, кабылдап кеткен оор түрлөрү менен табылып, 5 оорулуу 2015-жылы каза тапты. Кургак учук оорусунун алдын алуу, таап аныктоо, калк арасында кеңири профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана натыйжалуу дарылоо иштери бул райондо өтө эле солгун жүргүзүлүп келе жатат. 
   -Ал эми 2016-жылдын өткөн 7 айында Жалал-Абад облусу боюнча биринчи жолу кургак учук менен ооруган 594 адам аныкталды. Мунун ичинен 66сы балдар жана 18и өспүрүмдөр. Быйылкы жылдын өткөн 7 айында кургак учук оорусунан каза болгондордун саны 32 адамды түздү. Кургак учук оорусунун алдын алууда, калк арасында түшүндүрүү иштерин кеңири алып барууда  жана дарылап сакайтууда медицина кызматкерлери Гиппократтын антына бек туруу менен эмгектенип келе жатышат,- дейт Жалал-Абад облустук Г.Бауэр атындагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу  Венера Ибрагимова.
    Эгемендүү Кыргыз Республикасында кургак учук оорусу менен ооругандарга кошумча финансылык колдоо көрсөтүү боюнча 1998-жылы 23-апрелде атайын мыйзам кабыл алынган. Калкты кургак учуктан сактоо боюнча жергиликтүү бийликтерге эмне иштерди аткаруу керектиги мыйзамда  так жана даана жазылган. Жергиликтүү бийлик башчылары өз аймагында жашаган кургак учук оорусу менен ооругандарды жыл ичинде бир жолу   санаторияларга жана эс алуу жайларына барып келүү жол акыларынын каражаттарын толугу менен төлөп берүүлөрү милдеттүү.  Бул маселеде областта демилгелүү иш-аракеттердин бар экендиги кубантпай койбойт. Алсак, Жалал-Абад шаары менен Аксы району бейтаптардын жол каражатын төлөп берүүдө саамалыктуу иштерди аткарууга жетишкен. Ал эми Сузак районунда кургак учук оорусу менен ооруган 5 адамга айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүү үчүн сугат жер аянты, 5 адамга жер арендага берилип, 55 адам 107 624 сомдук материалдык жардамдарды алышкан. Базар-Коргон районунда 12 кургак учук менен ооруган бейтапка 13 000 сом материалдык жардам көрсөтүлгөн. Ала-Бука районунда 9 адамга 3 800 сом, Чаткал районунда  7 адамга 1750 сомдук күйүүчү май жана 3 адамга 13 000 сомдук материалдык жардам көрсөтүлгөн. Бул багытта дагы эле болсо Токтогул районунда 2015-жылы эч кандай иш аракеттер жүргүзүлбөгөндүгү өтө өкүндүрөт.
  -Жалал-Абад шаарында 95950 адам кургак учук оорусуна каршы медицина кызматкерлеринин такай көзөмөлүнө алынган. Бүгүнкү күнгө карата 63 адам кургак учук оорусу менен биринчи жолу ооруп катталган болсо анын ичинен 7 бала жана 2 өспүрүм аныкталды. Мындан сырткары 18 адамда оорунун дары-дармактерге туруктуу болсо, 17 адам кургак учуктун жугуштуу түрү менен ооругандар болуп саналат. Кургак учук оорусунун өтүшүп кеткендигинен быйыл  3 адам каза болду. Кургак учук жана ВИЧ оорусу менен ооруган 5 адам каттоого алынган. Флюрограмма аппаратыбыз  4 айдан бери иштебей турат. Аны Бишкек шаарынан капиталдык ремонттоодон чыгартып, оңдотуп келгенбиз. Бирок, ага туруктуу 220 Вольт ток келүүсү тийиш болгондуктан шаардык РЭС менен азайтылган электр линиясын тартуу боюнча учурда иштешип жатабыз,- дейт Жалал-Абад шаардык кургак учукка каршы диспансеринин башкы дарыгери Акылбек Ормонбеков.
    Кургак учук оорусу менен ооругандарга дары-дармектер ПРООН тарабынан жетиштүү камсыз кылынып келе жаткандыгын дарыгерлер бир ооздон ырасташып, жардам берип жатышкан Эл аралык уюмдарга ыраазычылыктарын билдиришти.
    
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад шаары
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.