Курс НБ на 22.01.2018 $69,3433 €84,8901

Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Мадумаров Нуридин Султанович: "Кулатов-дотациядан чыккан жалгыз айыл өкмөт"

Аймак
21 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
53
-Мен биринчи жолу өкмөт башчы болуп келгенимде   айыл өкмөт Кулатовдун атында болгонуна карабастан, мамлекеттик жана коомдук ишмер, улуу инсаныбыздын музейи жок экен. Кичи залда( эски музейи жок болуп, залды музей кылып коюшуптур) кеңешмелер, жыйындар ошерде өткөрүлүп, Кулатовдун кийимдери, документ тери ,архивдик материалдары ачык эле  турат. Ошондо биринчи оюма музей куруу керектиги жөнүндө идея келди. 2014-жылы май айында музейди н курулушу башталып, 2015-жылы толугу менен бүтүп, ишке берилди. Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен  4 млн. 300 миң сом  жумшалды. Эстелигинин жанын отоо чөп басып,  урап-сынып, плиталары майдаланып,жарактан чыгып калыптыр.Маданият үйү деле пайдалануудан чыгып, авариялык абалда экен. Бюджетке киргизип, аны да 3 млн.100 миң сом акча каражаты менен ремоттун  бүтүрдүк.
 Төрөбай Кулатов адамгарчилиги, тазалыгы жана жөнөкөйлүгү менен  кумир болуп калды
Мен бала кезден эле Т.Кулатов жөнүндө көп укканмын. Бизден мурунку  муундар ал кишинин атын урмат-сый, жагымдуу маанай менен эскеришет. Адамды тандабаган, адамды бөлбөгөн, адамдарга мээрим менен мамиле жасаган кишинин ички жан дүйнөсү таза  болгон. Ким үйүнө барса, чай  берип, маселесин чечип же чечүүнүн жолун көрсөткөн кеменгер инсан болгондугун көптөгөн фактылар менен айтып жүрүшөт. Ушундай  легендарлуу кишинин атына коюлган айыл өкмөттө иштегендин өзү башкалардан башкачараак жооптуулугу бар экенин сезгенмин. Кызматка келгенде жакшы, таза иштеп, ар-намысыңы шек келтирбей, жаманатты болбой,  таза  кетүүнү да эстен чыгарбаш керек деп ойлойм.
-Ноокат району боюнча биздин айыл өкмөттүн дотациядан чыккандыгынын  обьективдүү себептери бар. Тоолуу айыл өкмөтүнө киргендиктен, ар бир жанга үлүш 5 сотыхтан берилип, калкы негизинен мал чарбачылыгы менен алектенишет. Транспорт, таштанды, жер салыгы ж.б.6-7 млн сомду  түзөт. Бюджеттик  мекемелердин эмгек акысына 12 млн сом сарпталса,жергиликтүү бюджетибиз 7 млн сомду гана түзөт. Биздин аймакта кең байлыктарыбыз мол.Түштүктөгү эң ири “Кызыл-Кыя” цемонт заводу  сырьеонун 80-90 пайызын Кулатовдун жеринен алат. Ошонун эсебинен  жергиликтүү бюджетибиз 47 млн сомго чыкты. 21 млн сом  табыйгый кең байлыктарды  иштетүүдөн түшөт. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө сатуудан түшкөн салыкты алып койгондуктан,бюджетибиз кыйла эле төмөндөп кетти. Ошого карабастан, бизде 4 ишкана стабилдүү иштеп жатат. ”Айдоочу” ишканасы заводко кошула  турган  сырьеолорду ташып берет. ”Берекен” ишканасы гипс ташыйт. ”Кызыл-Кыя көмүр”жооперчилиги чектелген ишканасы  көмүр казып чыгарса, ”КенЭЛТД” гипс жеткирет. Дагы бир “Айбашев” деген кыш чыгаруучу заводубуз өндүрүмдүү иштеп жатат. Өнөр жай өндүрүшү канчалык кубаттуу болсо, ошончолук продукциясына болгон талап да жогору болот эмеспи. Биздин аймакта али кол тие элек табыйгый кендердин кору жатат.Келечекте ошолордун баарын ишке түшүрүп алсак, экономикабыз өнүгүп элибиздин турмуш  турмуш деңгээли жогорулайт деген ишеним чоң.
Мен өзүм 2013-жылы айыл өкмөткө жетекчиликке  келгенмин, азыркы убакта экинчи жолу көпчүлүк добуш менен шайландым. Келечекте  биз аткара  турган пландарыбыз абдан көп. Айылдык кеңештин сессиясында 2013-жылдан 2017-жылга чейинки стратегиялык пландарыбыз бекитилген.Ошол пландын аткарылышын так көзөмөлдөп, бюджеттин каражаттын үнөмдүү жака максаттуу пайдаланганга  аркетттенебиз. Албетте, ар бир айылдарда тургундардын  тигил же бул социалдык обьетктилердин бүткөлүшүнө кызыккандар абдан көп. Депуттарга дайыма айтам”өзүңөр бекитип бергенсиңер, андыктан планга киргизилбей калган курулуштарды кезексиз кура албайбыз” деп.
Биздин айыл өкмөттөгү эң көйгөйлүү  маселелердин бири бул үй курууга жер участокторун ажыратуу.Ушул кезге чейин 3,5 миң адам жер тилкесине кезекте турат. Эгер жер трансформацияланып калса, биз шаардагыдай эле жерди үнөмдөп заманбап, компактуу үйлөрдү салууга ниетибиз бар.Айыл өкмөтүбүз жылдан-жылга өнүгүп-өсүп бараткандыктан, архитектуралык көрүнүшүнө,көчөлөрдүн жана социалдык мекемелердин заманбап, жаңы үлгүдөгү дизайнын иштеп чыгабыз деген үмүтүм бар.
Айыл өкмөттүн аппаратына билимдүү, менеджер,күчтүү кадрлар аба менен суудай эле  зарыл 
-Биздин Кулатовдун айылдык комитеттеринде,  айыл өкмөттүн аппаратында 26, ал эми маданият тармагында 7 кызматкер иштейт. Айыл башчылар башка кызматкерлер конкурстан өтүп келишет. Эгерде бизде ошондой  мүмкүнчүлүк,  конкурс аркылуу тандоо укугу берилгенде, өзүбүз уюштуруп, жаштарды көбүрөөк тартып, башкача болмок. Мында иштегендердин айлык маянасы 5000 сом болгондуктан,жаштардын көпчүлүгү келбейт. Азыр заман да өзгөргөн, талап да башка. Өкмөттүн ишин илгерлетүүдө билимдүү, компетенттүү, эл менен тил табышып иштей алган ийкемдүү, демилгелүү, жоопкерчиликтүү  кадрлар аба менен суудай эле  керек. Бизде көпчүлүк мезгилде ишемби, жекшемби күндөрү да иштөөгө туура келет.
Ризван Исмаилова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу