Курс НБ на 19.04.2018 $68,8586 €85,1505

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мектеп окуучулары үчүн “Балаты-2018” жаңы жылдык майрамы өткөрүлдү

Аймак
28 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
157
Облус башчысынын “Балаты” майрамына 120 бала катышты. Алар облустун район шаарларынан келген окуунун мыктылары, турмуш шарты оор  үй бүлөлөрдүн балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болду.
Абиш Халмурзаев  өз сөзүндө “балдар, силерге ар дайым жарык маанай, бекем ден-соолук, тоодой бак-таалай каалайм. Жашооңордун ар бир мүнөтү жомоктогудай кереметтүү жана шаттуу болсун.  Акылдуу, чынчыл, адептүү, билимдүү жана мекенчил болгула. “Жаштын тилегин берет” дейт элибиз. Ылайым жаңы жылда тилеген тилегиңер кабыл болсун”! деген каалоолорун айтып, белектерин тапшырды.
Балдарга Баткен облустук “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрынын артисттери жаңы жылдык жомок тартуулоо менен балдарга майрамдык маанай тартуулашты. 
Соңунда балдарга облус башчысынын майрамдык сый тамагы уюштурулду. 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.