Курс НБ на 22.01.2018 $69,3433 €84,8901

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Лейлек районунун Ак- Суу айыл аймагынын эли менен жолукту (фоторепортаж)

Аймак
08 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
42
Алгач облус башчысы алгач чек арада кызмат өтөп жаткан чек арачылардан кабар алуу үчүн чек ара заставасына барып, жоокерлерге жаңы жылдык белектерин тапшырды.
 Баткен облусунун эле эмес, Кыргызстандын эң алыскы жана четки Ак-Суу айылы үч тарабынан Тажикстан Республикасы менен чектешет. Мына ушул айылдан Кыргызстан башталат. Айылдыктар Баткен облус болуп түзүлгөндөн бери, эл менен жолугушуу үчүн биринчи жолу облус башчысы атайын иш сапары менен келгенин белгилешти. Алыскы айылдын элинен кабар алуу үчүн, эс алуу күнүнө карабай келген өкүлгө жергиликтүүлөр терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Иш сапарынын алкгында Абиш Халмурзаев аймактагы билим берүү мекемелеринин, жылытуу системалары, от казандарынын абалы жана көмүр отун менен камсыздоо кампаларын көрүп чыкты. 
  Ак-Суу  айыл аймагынын тургундары менен жолугушууда өкүл Абиш Халмурзаев элге КРнын Өкмөттүн Жаңы Доорго кырк кадам долбоорунун артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле чек ара аймактарынын жашоочуларынын жашоо шартын жакшыртуу, аймактын инфраструктурасын чыңдоо багытында аткарылып жаткан жумуштар боюнча айтып өттү.
  Ошондой эле элде кайрылып, турак жайларды камсыздандырууга, жол коопсуздугун сактоого өзгөчө маани берүүгө чакырды.
Ал эми айыл элинин жашоо шартын жакшыртуу жаатында, дыйканчылык үчүн эгин талааларын аянтын кеңейтүү, жаңы ишканаларды ачуу, жеке ишкердик менен алектенүүнү каалаган жарандарга көмөк көрсөтүү, мамлекет тарабынан берилип жаткан жеңилдетилген насыялар тууралуу маалымат таратуу  боюнча айыл аймактын жетекчилигине тапшымаларды берди.
  Белгилей кетсек  айылдыктардын негизги киреше булагы дыйканчылык. Жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү  гүрүч өстүрүү менен алектенет.Өкүл алдыда Өзбекстан Республикасы менен кызматташуулар башталаарын, дыйкандар өндүргөн күрүчүн экспорттоого шарт түзүлөөрүн кошумчалады.
 Ал эми жол көйгөйүн чечүү боюнча элдин суроо талабын аткарууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар деди А.Халмурзаев. Анткени  аймакта  жетиштүү өлчөмдө шагалдын запасы бар. Болгону элдин күчү керек. Керектүү техникалар менен күйүүчү май боюнча жардам берем, элдик ашар жолу менен акырындап  жолду оңдоп алса болот деп кошумчалады өкүл. 
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу