Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

КРнын Экономика министри Артем Новиков Баткен облусуна иш сапары менен келип, бир топ өнөр жай ишканаларында болду

Аймак
13 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
201
Министр Артем Новиков жана КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган жетекчилер Кызыл-Кыя цемент заводунун ишмердүүлүгүнөн кабар алып, жетекчилиги менен жолукту. Жолугушууда  заводдун өндүргөн продукциясын ички рынокто  сатуу жолдорун жана кошуна мамлекеттерге экспорттоо менен келечекте заводду кеңейтүү маселелери талкууланды. Министр Артем Новиков продукцияны кошуна  Өзбекстан жана Тажикстанга  экспорттоого жакшы  мүмкүнүчүлүктөр бар экенин белгиледи.
Ошондой эле Кызыл-Кыя тамеки ферментациялоочу заводуна  да барышты. "Учурда завод Литва мамлкетинин Виргис компаниясы менен келишим түзүп, быйылкы жылга 350 тонна тамеки кабыл алды. Ал эми келерки жылга 3000 тонна тамеки алуу пландалып жатат" дейт завод жетекчилиги.
Иш сапарынын алкагында экономика министри Кадамжай  сурьма комбинатында болду. Кадамжай сурьма комбинатына 2017-жылы  эки чет элдик компания инвестиция салып, заводдун буга чейинки чыгарылган  калдыктарын  кайра иштетүүнү колго алышкан. Үстүбүздөгү жылы завод жыл соңунда гана ишке киргенине байланыштуу  9.6 тонна кара металл алды. Алдыда бул продукция кайра иштетилип, сурьма өндүрүлөт. 
Андан соң Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы көчөт өстүрүү жайына барып, кооператив мүчөлөрү менен жолукту. Бул аймакта  жыл сайын 1 млн 200 миң даанадан ашык көчөт өндүрүлүп, жаз алды менен Баткен облусунун элин камсыздоо менен, Кыргызстандын башка аймактарына жана жакынкы кошуна мамлекеттерге экспорттоп келишет.   
Министр Баткен облусунун жетекчилиги жана Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай райондорунун жетекчилери менен жолугушуп, 2018-жыл Регионду өнүктүрүү жылынын алкагында, региондордун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Артем Новиков өз сөзүндө, "Учурда региондордун өнүгүү потенциалдарын талдап жатабыз, аймактарды өнүктүрүүдө биз министрликтер, кандай жардамдарды бере алаарыбызды жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте программаларды иштеп чугуу боюнча  маселелерди талкуулап жатабыз. Жакында эле  Кыргызстанда,  Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода боюнча министри болду.  Биз чек арадагы соода сатыкты жана соода экономикалык байланыштарды, экспорт, импорт боюнча маселелерди талкууладык. Бүгүн мен Баткен облусунун бир катар өнөр жай обьектилеринде болуу менен Баткен облусун өнүктүрүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү көрө алдым. Эми алдыда аймактарды жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча айтылып жаткан сунуштарга ылайык, комплексттүү программа түзүп иш алып барабыз. Баткендеги Тамеки заводу, Кадамжай сурьма комбинатынын, Айдаркен сымап комбинаттарынын ишинин  жанданышы жакшы көрүнүш. Анткени Премьер министрибиз Сапар Исаков аймактарда жаңы ишканаларды ачуу, жумуш орундарын түзүү боюнча тапшырма койгон. Анткени аймак өнүксө, өлкө өнүгөт. Жакынкы аралыкта бардык сунуштарга ылайык комплекстүү программа иштеп чыгабыз. Жергиликтүү бийликтер менен тыгыз иш алып баруунун натыйжасында маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралат” дейт министр.    
 Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.