Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Кочкордогу жол кырсыгы ымыркайдын өмүрүн алды

Аймак
04 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
20

Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жол кырсыгы Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 215-чыкырымында 2-декабрь күнү саат 21:49да болгон.

"Honda CR-V унаасында төрт адам болгон. Кырсыктын кесепетинен анын ичиндеги 2017-жылы туулган ымыркай чарчап калган. Ал эми Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаада үч киши бара жаткан",-деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ куткаруучулары жаракат алгандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Алар Кочкор райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу