Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Кочкордо жол кырсыктан 28 жаштагы жигит каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилди

Аймак
07 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
25
Кочкор районундагы жол-транспорт кырсыгынан бир жигит каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жол кырсык 6-декабрда Кум-Дөбө айылынын аймагында болгон. Анын кесепетинен 1989-жылы туулган М. уулу Ш. аттуу жигит каза болуп, 3 адам райондук ооруканага жеткирилди.
Алар:
- 1997-жылы туулган А.К., Кум-Дөбө айылынын тургуну;
- 1990-жылы туулган М. уулу А., Кум-Дөбө айылынын тургуну;
- 1989-жылы туулган Ж.Э., Кум-Дөбө айылынын тургуну.

Айрым маалыматтарга караганда, эки жабырлануучу хирургия бөлүмүнө, ал эми дагы бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Учурда аталган жол кырсык тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу