Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Кочкордо жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп өлтүргөн айдоочу ооруканага түштү

Аймак
17 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
53
Кочкор районунун Ак-Жар айылында кечээ, 15-апрелде жол кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү каза болуп, айдоочу жабыр тартты.
ӨКМдин маалыматына караганда, саат 19:57 чамасында Кочкор—Кум-Дөбө ички чарбалык унаа жолдун 15-чакырымында «Ауди 100 С4» үлгүсүндөгү унаанын (мамлекеттик номуру В77-91V) айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзгөндөн кийин даракты сүзүп токтогон. Жол кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү – 1974-жылы туулган Б.Э. ошол жерде көз жумган. Ал эми айдоочу – 1960-жылы туулган К.С. тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары жөнөтүлүп, алар каза болгон жарандын денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.