Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Кочкордо 3 адамдын жансыз денеси табылды

Аймак
15 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
16
Нарындагы Кочкор районунун аймагынан куткаруучулар кечээ, 14-ноябрда 3 адамдын жансыз денесин табышты. Алар милиция кызматкерлерине өздүгүн аныктоо үчүн берилген, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.
Саат 11:45 чамасында ӨКМдин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Арчалуу тилкесиндеги тоонун боорунан белгисиз адамдын жансыз денесин алып түшкөн. Ошондой эле, ушул бөлүктүн куткаруучулары саат 13:16да Орто-Токой аймагындагы Орто-Токой суусунун жээгинен белгисиз адамдын жансыз денесин чыгарышты.
Мындан тышкары, саат 16:20 чамасында куткаруучулар Жылуу-Суу аймагындагы Чу суусунун жээгинен аял кишинин жансыз денесин алып чыгышканы маалымдалган.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу