Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Кочкор районунун Шамшы айылында мектептин ачылышы болду

Аймак
02 - Сентябрь 2016
Админ
1450

1-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылындагы Осмон Айбашов атындагы орто мектебинин ачылыш аземи болду.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Мухамметкалый Абулгазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Кочкор районунун акими Нурлан Керималиев, мектептин эмгек жамааты, окуучулар жана ата-энелер катышты.

М. Абулгазиев мектептин ачылышы менен куттуктап, мамлекет тарабынан билим берүү тармагында аткарылып жаткан иштерге токтолду: «Бүгүн республика боюнча 21 мектептин ачылыш аземи өткөрүлүп жатат. Акыркы 4 жылда 200гө чукул жаңы мектеп курулду. Жыл аягына чейин 100 мектептин курулушун аяктап, пайдаланууга берүү дагы пландалып жатат»,-деди ал.

Облус башчы Аманбай Кайыпов келечектүү балдарды тарбиялап өстүрүү үчүн аларды билимге сугарыш керектигин белгиледи. «Мамлекет балдардын билим алуусуна шарттарды түзүп берип жатат. Ал эми ата-энелер, мугалимдер балдардын билим алуусуна өзгөчө көңүл буруу мезгилдин талабы. Ар бир ата-эне балага кош көңүл мамиле жасабай, сабактарына катышып, баласынын кандай билим алып жаткандыгын көзөмөлгө алуусу зарыл»,- деди А.Кайыпов.

Салтанаттын жүрүшүндө окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программадан соң жетекчилер мектептин кызыл тасмасын кесип, окуу класстары менен таанышып чыгышты.

Район борборунан 35км алыстыкта жайгашкан айыл мектебинин эски имараты 1959-жылы курулган. Мектеп окуучуларынын саны өскөнүнө байланыштуу акыркы мезгилде окуучулар 3 нөөмөттө окууга аргасыз болуп келишкен. Учурда 50 мугалим эмгектенип, 600 окуучу таалим-тарбия алат. Мектептин  275 орундуу жаңы типтүү имараты мамлекеттик бюджеттен 69 млн сомго курулуп ишке берилди.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу