Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

ӨКМнин 14 студентке ыраазычылык каты

Аймак
28 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
882
        Ысык-Көл облусунун аймагында болуп өткөн II дүйнөлүк көчмөндөр оюунунда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  алдындагы кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун бирдиктүү нөөмөт диспечердик 112 кызматынын кызматкерлери менен Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин студенттери суткалык нөөмөттө волонтер-котормочу  катарында тыгыз иш алып барышты.
  “КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  алдындагы кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун атынан Сиздер жөнөткөн университеттин студенттерине терең ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары да тыгыз кызматташтыкта болоорубузга ишенебиз”- деп жазылган  катта. Ыраазычылык катка КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  алдындагы кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы, полковник М.Х.Сваров кол койгон.
    Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин жана эл аралык мамилелер факультетинин 14 студенти Бакытбекова Жылдыз, Мурзубраимова Каныкей, Икрамова Надира, Калчороева Бегимай, Смадиярова Бегимай, Стамалиева Назира, Кимсанова Ширин, Закирова Шахноза, Юсупов Заур, Турсунбаев Алишер, Мамадалиев Муродилло, Кадыров Искендер, Саипов Дилшад, Мирзаев Жавлон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112 бирдиктүү нөөмөттүк диспетчердик кызматына» англис, француз жана араб тилдеринде волонтер-котормочулар катары жардам көрсөтүшкөн.
  Ризван  Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.