Курс НБ на 23.05.2018 $68,2964 €80,1083

Өкүл Баткен облусунун коомчулугун “Таза жашоо” Улуттук кампаниясына активдүү катышууга чакырды

Аймак
13 - Март 2018
www.erkintoo.kg
111
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы №2 “2018-жылдын Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-февралындагы №66-б буйругун аткаруу максатында 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин Баткен областынын аймагындагы шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча “Таза жашоо” ураанынын алдында үч айлык жарыяланды.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу чыккан. 
 Көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун алкагында жасалуучу жумуштар тууралуу бүгүн, облус башчысы Абиш Халмурзаев  облустук деңгээлде жыйын өтүп, анда район шаар башчыларын, мекеме-ишканалардын жетекчилерин жана жалпы коомчулукту бул өнөктүккө активдүү катышууга чакырды.
 Тагыраагы, көчөлөрдү, короолорду тазалоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү, администрациялык жана турак жай имараттарынын сыртын актап сырдоо,  айлана-тегерегин көрктөндүрүү, көчөлөргө түнкү жарыктандырууну орнотуу, калктуу конуштарда  жалпы жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү, муниципалдык жолдорду оңдоо, социалдык чөйрөнү жана айылдык инфраструктура объекттерин оңдоо тапшырмаларын берди.
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу