Курс НБ на 21.10.2019 $69,7890 €77,9334

Көк-Кумак жайлоосунда жер көчкүнүн жылуусу байкалууда

Аймак
27 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
158
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагынын Көк-Кумак жайлоосунда жер көчкүнүн жылуусу байкалды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Жер көчкүнүн көлөмү болжолдуу 30 миң метр кубду түзөт. Учурда адам өмүрүнө жана турак үйлөргө коркунуч жараткан жок. Адистер жер көчкүнү жеринен барып көрүп келишти. Буга байланыштуу дагы кошумча маалымат берилет деп билдирет ӨКМ.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.