Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Кесип бирлик баш көтөрдү

Аймак
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
483
Кесип бирликтеринин облустук Кеңеши оор уйкудан ойгонуп, 7-октябрь күнү тегерек үстөл жыйын курду.
         -Бүгүн бүт дүйнө жүзүндө «Татыктуу эмгек үчүн аракеттенүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү» белгиленип жатат. Быйылкы жылды Бүткүл дүйнөлүк профсоюздар конфедерациясы (БДПК) «Корпоративдик ач көздүккө жол берилбесин» деген девиздин алкагында өткөрүү сунушу менен кайрылган. Бүгүн биз облусубузда бул кыймыл кандай деңгээлде ишке ашып жатканын талкулоо үчүн чогулуп олтурабыз,-деди олтурумду алып барган кесип бирликтеринин облустук Кеңешинин төрагасы Муканбетаалы Курманкожоев. Ал ошону менен катар 1999-жылы эл аралык эмгек уюму тарабынан «Татыктуу эмгек» деген программа кабыл алынгандыгын, натыйжада БДЖК 2008-жылы береги кыймылды уюштургандыгын, аталган программа эмгекчилерди сапаттуу иш орундары менен камсыз кылуу, татыктуу жана акыйкат эмгек акы менен камсыздоо, аларды социалдык жактан коргоо үчүн багытталгандыгын белгиледи.
         Жыйында Кесип бирликтеринин бир катар тармактык комитеттеринин жетекчилерине да сөз берилди. Алардын арасынан Асыранкул Молдокадыровдон башкасы иштиктүү пикирди айтышкан жок.
         -Эмгек Кодекстин 333-беренесине 2012-жылы эле өзгөртүү киргизилиптир. Натыйжада айкалыштырып иштеген кызматкерлерге кошумча эмгек акыларына тиешелүү коэффициент төлөнбөй калган экен. Ал өзгөртүү прокуратура тарабынан өткөн жылдан бери токтотулууда. Мисалы бизде 120 врач жетишпейт. Аргасыздан алар 1,5-2 ставка менен иштөөгө туура келет. Эгер төлөнбөсө анда бир гана ставка менен иштөөлөрү керек деп биз чырылдап, бир жылдан бери маселе коюп жатып, эми Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Көрсө облустан 29 млн. сом  кыскартылыптыр. Анын 15 млн.сому саламаттыкты сактоодо эмгектенгендерге туура келип, калган акча башка тармактардан кемиген. Эмне үчүн ошондо жалпылап көтөрүлгөн жокпуз,-деди А.Молдокадыров мырза. Ал эми Аскар Сулайманов үч тараптуу келишим кагаз жүзүндө калгандыгын, өзү облустук «Теңир Тоо» гезитине эки жолу макала жазгандыгын, бирок бийлик жана тиешелүү тараптардан эч кандай реакция болбогондугун кеп кылды.
         -Бизде биримдик жок. Администрациялар, мерия болсо биз менен сүйлөшпөйт. Жумушчулардын эмгегине болсо эч ким жооп бербейт. Мисалы жакында Сүйүндүк дегендин үйүнүн чатырынан бир адам учуп кетип өлүп калды. Анын өлүмүнө бирөө дагы жооп берген жок,-деген А.Сулайманов экиден-үчтөн адам иштеген 17 курулуш обьект бар экендигин билдирди. Ушундай эле пикирди +мүрзак Мүсүралиев да айта кетти.
         -Биз изилдесек айыл чарбасында 6800 адам жалданып иштешет экен. Бирок аларда дагы эмгек китепче жөнүндө түшүнүктөрү жок.  Буларга патент ким тарабынан толтурулат. Мисалы бир короо койду, жүздөгөн баш уйларды алып кайтарышат, бирок соцфондго бир тыйын төлөбөйт,-десе Нуржамал Тойгонбаева айым 10 жылдан ашык убакыт бир жерде жетекчи болгон адам ал мекемени менчигиндей көрүп, өзүн кудай сезип калаарлыгын, ушундан улам айрыкча айылдык маданият кызматкерлерди каалагандай жумуштан бошотуу орун алып келе жаткандыгын, ал жетекчилер өздөрүнө ыңгайлуу адамдарды профсоюз жетекчиси кылып алышаарын саймедиреди. Бирок бул профсоюз жетекчилери өздөрү жетектеген комитет тарабынан кандай жумуш аткарылгандыгын айтышкан жок.
         Нарын шаарынын базарларынын биринде соода кылган Токтобүбү Бектурова: -Биз салыкка дагы, соцфондго дагы, ижара үчүн дагы төлөйбүз. Патент дагы алабыз жана жерге да деп төлөйбүз. Эч кандай эмгек келишим дегенди билбейбиз,-деген билдирүүсүнөн кийин кесип бирлик уюмунун кызматкерлери кантип салык алынат, кандайча соц фондго төлөнөт дешип, катышып жаткан тиешелүү адистерге жабалактап суроолорду бере башташты. Бул учурда алар эмгекти коргобой эле кантип акча топтосо болот дегенге катуу кызыгышышты жана тараптар ортосунда түшүнүүчүлүк болгон жок.
         -Эмне үчүн силер карабайсыңар? Эмнеге акча түшүргөнгө кызыкпайсыңар? Элдин эмгегин ким коргойт?  ж.б. кесип бирликчилердин ушундай соболдоруна соц фонддун, салыктын, экотех инспекциясынын адистери жооп берип жатып чарчашты.
         Жыйын акырында атайын кайрылуу кабыл алуу менен жыйынтыкталды.
 
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.