Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Көөчү айылында бала бакча ачылды (фоторепортаж)

Аймак
09 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
430
Ушул эле күнү  ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков Түп районунун Көөчү айылындагы 90 орундуу бала бакчанын ачылуу аземине катышып, Жогорку Кеңештин атынан сүйүнчүсүнө 100 миң сом тапшырды.
Бала бакчалардын айыл жергесиндеги маанисине токтолгон Чыныбай Турсунбеков акыркы жылдары мамлекет балдардын терең билим, татыктуу таалим-тарбыя алуусуна өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи. Айылдын мектеби үчүн жаңы имарат салынгандыктан, айыл тургундары бошогон имаратка бала бакча ачуу чечимине келген. Азыр 87 бала тарбияланууда. Андан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары ушу эле Көөчү айылындагы мектептин 2008-жылы башталган спорт залынын курулушу ушул кезге чейин бүткөрүлбөй жатканына, Каракол шаарынын «Нефтяник» кичирайонундагы 90%ы бүткөн бала бакчанын курулушу токтоп калганына күбө болушту. Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков өкмөт өкүлүнө спорт зал менен бала бакчанын курулушун «капиталдык курулуш» статьясына киргизип, келерки жылы аягына чыгаруу тапшырмасын берди.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.