Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

"Каратегинден кат"

Аймак
26 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
770

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин концерттик залында журналист, фотограф, документалист Жаңыл Жусупжандын "Каратегинден кат" толук метраждуу даректүү тасмасы көрүүчүлөргө тартууланды.
Даректүү тасмада Тажикстандын Каратегин аймагындагы этникалык кыргыздардын турмушу, алардын жашоосуна жарандык согуштун тийгизген кесепети, жоготуулары, ага карабастан  изги үмүт, алга умтулуулары, тарыхый-маданий мурастарын, кылымдык каада-салтын сактоого аракеттери кеңири баяндалат.
“Каратегинден кат” документалдуу тасмасынан кийин Жаңыл Жусупжан жана франциялык продюсер Кристиан Лелон көрүүчүлөрдүн бир катар кызыктырган суроолоруна жооп берди. Жаңыл Жусупжан бул тасма уулуна жазган каты аркылуу баяндалгандыгын айтса, продюсер Кристиан Лелон тартылган ар бир тасманын өз жеринде көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынышынан өткөн сыймык жок экендигин билдирди.
ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Идирис Кенжаев  тасманын авторлоруна ыраазычылык билдирди жана келечекте көптөгөн ийгиликтерди алып келерине үмүттөнөрүн  айтты.
 Жаңыл Жусупжан “Каратегинден кат” документалуу тасмасын Тажик өкмөтүнүн расмий уруксаты менен 4 жылдын аралыгында тарткан. Ал буга чейин “Улуу памир” аталган Түркиядагы кыргыздар тууралуу да даректүү тасмасын жараткан.  
 Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.