Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мамарасулов Баатырбек Сулайманович: “Кыргызстанда Кара-Таштын алмасындай алма жок"

Аймак
06 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
31
-Биздин аймак тоого жакын болгондуктан,сел агып түшүү коркунучу жыл сайын кооптондуруп турат.Айлыбыздын 12 жеринде селканаларыбыз бар. Жаз айынан тартып, тынымсыз сел жүрүп жүдөтөт. Жаз Ноокатка караганда он беш күнгө кеч келет. Шаарда арыктар тазаланып, жерге тап кире баштаганда, бизде ала-темгил кар жаткан болот. Кудай жалгап, быйыл  жаз жаанчыл болгонуна карабай, сел болгон жок. Биз алдын-алуу иштерин пландуу жүргүзүүгө аракеттендик. ӨКМнин кызматкерлери менен биргеликте алдын-алып Көк-Терек менен Төөлөс дамбаларын кайрадан оңдоп-түзөөгө бел байладык. Табыйгый кырсыктарга каршы күрөштү кырсык жүз бергенде гана аракет кылбастан, тоодон агып түшкөн нуктарды бууп же бекем  тосмолоп салуу абзел. Илгертен бери элге кызмат кылып келаткан жыгачтан тирөөчтөрдү (столба) темир-бетон столбаларга алмаштыруунун мезгили келди.
 Тоолуу айыл өкмөтү экенине карабастан,дотациядан чыгаруунун жолдорун максат кылып, атүгүл аракеттенип да жатабыз. “Аракет кылсаң берекет” дегендей, эң негизиги максатыбыз ушул. Айылдын борборунан 45-60 км алыстыкта 632га кайрак жерлерибиз бар. Эгер ошол жерлерге суу чыгарып алсак,жок дегенде тамчылатып суугаруу системасына өткөрсөк, бюджетибизди толтура турган капитал болору анык. Ошол жерлерге бактын ар кыл сортторун тигип-өстүрсөк, чоң киреше аларыбызга ишенем. Бактан башка жашылча-жемиштерди эксек, жаңы жердин түшүмдүүлүгү да жогору болот деп ойлойм.Айтмакчы, биздин алмадай алмалар  Ноокатта гана эмес, Кыргызстанда да жок болсо керек. Тоодо салкын, дайыма шамал болуп тургандыктан, алмалар боеп койгондой кочкул кызыл түскө кулпуруп, курт да түшпөйт, жазга сейин даамын да бузбайт, ширелүү, көпкө сакталат.Ичине балды куюп койгонсуп, кессеңиз ширеси куюлат. Чет жактардан келген коноктор тамакайы так боло тамшанып, суктанышканы да бекеринен эмес. Өткөн жылы  Казакстандан бизнесмендер келип, кышы менен Астананы алма менен камсыз кыла турган болушуп, тонналап алып кетишти.
 
      Бизден  аттын кашкасындай таанымал таланттуу, көрүнүктүү адамдар чыккан

  -Айтылуу Кара-Таш, Нойгут айылдары  чегарада жайгашкандыктан,тээ илгертеден эле Кара-Таш аталып, негизинет нойгут уурулары жашашат. 20дан ашык уурулар; ичкилик, отуз уул сыяктуу чоң ууруулар бар.Кыргыздын көрүнүктүү жазуучу, драматургу Мурза Гапаровдун кичи мекени. Түштүктүн диалектисинде ширин тили менен өзгөчө бир стилде мыкты-мыкты көркөм чыгармаларды жараткан кишини билбеген кыргыз жок болсо керек.   Бизде биринчи болуп ”Билимкана” ачылган. Табиятты кооз,тоо этектери жапжашыл тулаңга оронгон,  абасы менен суусу  айрыкча таза аймактан республикага белгилүү инсандар чыккан. Жогорку Кеңештин биринчи депутаты Өмүрзак Мамаюсупов, ЖК мурдагы спикери Айтибай Тагаев, экс  вице-спикер Төрөбай Зулпукаров сыяктуу көптөгөн көрүнүктүү личносттор чыккан.
      Таза  суу көйгөйүн чечсек дегенде, эки көзүбүз төрт
   -Таза суу чыкпаган айылдарыбыз 43 пайызды түзөт. Айрыкча жаңы өздөштүрүлгөн конуштар; Кош-Дөбө,Ит бакпас, Кирпияный, Кашкулак өңдүү айылдарыбызда таза суу жок. Эл аралык донор уюдарга долбоор жазып, элдин демилгесине да таянып, келечекте чечип алсак деген аруу тилек тынчытпайт. Жаш үй- бүлөлөргө жаңы конуштардан жер участогун бөлүп берүү маселеси көйгөйлүү. Жогорку органдардан жерлерди трансформация кылдыра албай жатабыз. Элибиз негизинен мал чарбачылыгы  менен тиричилигин өткөргөндүктөн жайыт, жайлоо, тоют камдоо маселесинде да утурумдук көйгөйлөр чыгып турат. Жыл сайын малдын башы көбөйүп бараткандыктан жогорудагы маселелерге чоң маани бербей кое албайсың.
     Чечме-Сайда шаардагыдай типтүү, үч кабаттуу, заңгыраган мектеп курулду
   -Быйыл  инвестиция тартуу маселеси жакшы болгонун жашыргым келбейт. Биздин келечек муундун өкүлдөрү- бөбөктөрүбүз үчүн 100 орундуу,жалпы сметалык наркы 37 млн сомду түзгөн балдар бакчасы курулуп жатат. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен да салым болот, буюрса. А.Мамыров атындагы орто мектептин курулушу жүргүзүлүп, биринчи кабаты тургузулду. Анын жалпы сметалык баасы 57 млн сомду түзөт. Ички жолдорду оңдоо максатында 1 км жолго асфальт төшөлдү. Суу чыгып, ным тарткан  2 км жерге дренаж каздырып, суусун сордуруп алдык. Билим берүү тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Чечме-Сай айылыбызга  үч кабаттуу, заманбап, типтүү Чечме-Сай мектебинин курулушу  бүтүп, мындан эки жыл мурда пайдаланууга берилди. Анын жалпы сметасы 71 млн. Сом сапталып, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин да салымы чоң болду. Алдыда дагы аткарылуучу бир топ иштерибиз бар.
Ризван Исмаилова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу