Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Кара-Суу районунда газ баллон жарылып, жаракат алгандар бар

Аймак
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
401
Газ балондун жарылуусунан 6 адам облустук ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу бүгүн ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Окуя 21-декабрга караган түнү Кара-Суу районунда болгон. Анда газ баллон жарылып, натыйжасында Ош облустук ооруканасынын күйүк бөлүмүнө 6 адам түшкөн.
1) А.Н. 1985-жылы туулган (күйөөсү) 20 пайыз денесинен күйүк алды.
2) Б.Д. 1988-жылы туулган (аялы) 50-52 пайыз денесинен күйүк алды.
3) Н.к.З. 2006-жылы туулган (кызы) 7-8 пайыз денесинен күйүк алды.
4) Н.к.Ф. 2006-жылы туулган (кызы) 4-6 пайыз денесинен күйүк алды.
5) Н.к.А. 2009-жылы туулган (кызы) 2-3 пайыз колу, кулагы күйүк алды.
6) Б.А.195-жылы туулган (тууганы) 6-8 пайыз денесинен күйүк алды.
Жазгүл Кенжетаева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.