Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

Караколдогу автокырсыктан бир кыз каза тапты

Аймак
13 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
24

Каракол шаарында жол кырсыгынан 22 жаштагы кыз каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 13-апрелге караган түнү саат 3.00дөр чамасында болгон. "Audi-100 үлгүсүндөгү унаа тосмону кыйратып барып бакты сүзгөн. Анын кесепетинен 27 жаштагы айдоочу жабыркап, ошол маалда дал ошол жерден өтүп бараткан кыз көз жумду",-деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл облустук милициясы кырсык болгонун тастыктап, Audi үлгүсүндөгү эки унаа кагышканын тактап берди. Укук коргоо органдары тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө башталды.

Каза болгон кыздын аты-жөнү такталып жатат.



 

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу