Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Кара-Көлдө калың кардан үйлөрдун чатыры урады

Аймак
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
434
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей,  24-январь күнү  Жалал-Абад облусунун  Кара-Көл шаарында кар көп жааганына турак үйлөрдүн чатыры урап калды.  Маалыматта айтылгандай, Акылай атындагы көчөдө 1 турак-жайдын 120м2 чатыры жана Маматов көчөсүндө 1 турак-жайдын 40м2 чатыры карды көтөрө албай устундары сынып кетип, жараксыз болгон. Үйдун чатырынын урашынан өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Шаардык жарандык коргонуу  комиссиясы жеринде иш алып барууда.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.