Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Кара-Кечеден Нарынга көмүр ташылууда (фоторепортаж)

Аймак
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
414
13-январда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр участогунда болуп, көмүр ишканаларынын жетекчилери жана иштеп жаткан оор жүк ташуучу унаалардын  айдоочулары менен жолугушту.
Алгач,  «Шарбон» жабык акционердик коомунун тилкесинде жана «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын тилкесинде бүгүнкү күндөгү иши менен таанышып, көмүр ишканаларынын кызматкерлери менен пикир алышты.
«Шарбон» ЖЧКсынын коопсуздук кызматынын жетекчиси Урмат Шарипканов аталган көмүр ишканасы 7-январдан бери ишин улантып жатканын маалымдады. Жергиликтүү калкка көмүр ташып иштеген жеке ишкерлерден тышкары республиканын башка облустарынан дагы ишкерлер келип жатканын белгилеп, унаалар тартипти сактоо менен кезекке туруп көмүр жүктөп кетип жатканын билдирди.
«Кыргыз көмүр» ишканасынын Кара-Кече көмүр кесиминин начальниги Акылбек Тотонов ишкана 4-январдан баштап иштеп жатканын айтты. «Майда көмүрдү ТЭЦке ташып,  ал эми калкты сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу үчүн тазалоо иштерин жүргүзгөнбүз. 12-январдан баштап сапаттуу көмүрдү жеке ишкерлер калкка ташып жатат. Күнүнө биздин эле участоктон орточо эсеп менен 100-110 машина чыгарып жатабыз. Бүгүнкү күндө 20 миң тонна көмүр бар. Дагы 15 миң тонна көмүрдүн үстүн тазалоо иштерин жүргүзүлүүдө. Көмүр менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабайт»,-деп маалымдады А.Тотонов.
Андан соң А.Кайыпов көмүр кесиминде көмүр ташып жаткан унаа айдоочулары менен жолугуп пикир алышты. Облус башчы январь айында абанын температурасынын кескин төмөндөп кеткенинин негизинде калкка кошумча көмүр отуну керектелип жатканын маалымдап, Нарын облусуна көмүр ташып жаткан унааларды кезексиз өткөрүү боюнча көмүр ишканалары менен бир жума мурун макулдашылганын белгиледи. Бул кадамды башка аймактардан келген айдоочулар туура түшүнүү менен кабыл алып жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, аны менен бирге тартипти сактоо зарыл экенин айтты.
Айдоочулар тартип сакталып жатканын жана эртең менен кирген машина кечке чейин кетип жатканын маалымдашты.  Эң орчундуу маселе катары көмүр кесимге келе жаткан жолдордун кээ бир аралыктары тайгак болуп жатканын билдиришти. А.Кайыпов  жолдорду көзөмөлгө алуу боюнча  №24 Жол тейлөө ишканасына тапшырма берди. 
 13-январь күнү Кара-Кече көмүр кесиминен Нарын облусунун аймактарына көмүр жүктөлгөн 40 оор жүк ташуучу унаа жөнөтүлгөн. Көмүр ташуу иштери уланууда.   
Дүйшөк кызы Айнура, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.