Курс НБ на 23.09.2018 $68,8964 €80,9533

Кара-Буура райондук жана Манас райондук сотунун имараттары капиталдык ремонттон өтүүдө

Аймак
28 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
143
Талас облустук сотунун басма сөз катчысы Назгул Кулушеванын маалыматына караганда, Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунда имарат ичиндеги оңдоо-түзөө иштери 70% аткарылып, аны менен бирге имараттын сыртын жасалгалоо иштери уланууда.
  Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында Кара-Буура райондук соту 1968-жылы курулуп, имаратта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин чечими менен имаратты  оңдоп- түзөө иштерине мамлекеттен каражат бөлүнгөн.
  Манас райондук сотунун имарат ичиндеги капиталдык ремонт иштери аяктап, тосмолорду орнотуу жана имараттын короосуна күзөт бөлмө куруу иштери жүргүзүлүүдө.
 Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондук сотторунун имараттары 2016-жылдан бери капиталдык ремонттон өтүп жатат.
 «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» багытындагы  мамлекеттик максаттуу программанын алкагында 2016-2017-жыл ичинде Талас облусу боюнча Бакай-Ата райондук сотунун имараты толук капиталдык ремонттон өткөн.
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.