Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Кара-Буура айыл аймагында жакшы иштер арбын

Аймак
08 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
410
Талас облусунун Кара –Буура  районунун ушундай эле аталыштагы айыл аймагында  быйылкы жылы  социалдык багыттагы арбын иштер аткарылды. Тротуарлар оңдолду. Жакында эле баскетбол, волейбол, теннис ойноочу  спорттук комплекс  курулуп пайдаланууга берилди. Бул обьектилер айыл аймагынын бюджетинин эсебинен жасалды.
  Инвестициянын  жана айыл аймагынын өздүк салымынын эсебинен айылдын Чаткал көчөсүнө 6,3 чакырымдык таза суу тартылып,  31 колонка коюлду.  7-декабрда болсо Кара-Буура айыл аймагына Чүй-Талас жаратылышты коргоо жана өнүктүрүү фондусунун каржылоосу  жана айыл аймагынын өздүк салымынын эсебинин таштанды салуучу 100 контейнер жана  таштандыларды өзү жүктөп түшүрүүчү автомашина берилди.
 Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.