Курс НБ на 19.10.2018 $69,3251 €79,3703

Кара-Балтадагы жол кырсыгынын себеби

Аймак
12 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
23

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 32 жаштагы аял Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа менен 12 жаштагы окуучу кызды койдуруп кетти. Бул тууралуу Чүй милициясын маалымат катчысы Тимурлан Мирсадык уулу кабарлаган.

Анын айтымында, жол кырсыгы бейшембиде саат 12.30дар чамасында болгон.

"Айдоочунун айтымында, Почтовый көчөсү менен түштүктү көздөй кетип бара жатып алдынан окуучу кыздар чыкканын көргөн. Бирок ошол маалда бир нече жолу чүчкүрүп ийип, рулду башкара албай калган. Алгач өспүрүмдөрдүн бирин, андан соң жол жээгиндеги бакты сүзгөн", — деди Мирсадык уулу.

Маалыматка караганда, айдоочу менен окуучу кыз ооруканага жеткирилди. Өспүрүмдүн чекеси айрылып, мээси чайкалса, айдоочу келин төшү менен катуу урунган.

Материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп, тиешелүү экспертизалар жасалып жатат.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу