
Курс НБ на 17.02.2019 $69,7609 €78,6694

Кара аюунун өлтүрүлгөн денеси табылды
Чүй облусунун Кемин районундагы Боо-Карагай жайлоосунда кызыл китепке кирген кара аюунун мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылды. Интернетте тараган видеого ылайык, анын сөөгүн эртең менен тоого мал айдап чыккан малчылар таап алышкан. Алар дароо Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине билдиришкен. Малчылар кара аюуга карышкырлардын үйүрү кол салып, аны талап салышкандыгын билдиришти.
Мээрим Бактыбек кызы
Мээрим Бактыбек кызы
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек