
Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

Кар туткунунда калгандарга жардам жеткирилди
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө калың карда калып калган малчыларга азык-түлүк, тоют жеткирилгендиги тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрли билдирди. Эскерте кетсек, 27-30-декабрда жааган кардан улам Ак-Сайга барчу жол жабылып калган. Натыйжада Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө элдин малын карап кыштаган 54 үй-бүлөнүн азык-түлүк, тоют ташыган байланыш каттамы үзүлгөн. 7-январда Торугарт-Көк-Кыя айланма жолу кардан тазаланып, муктаждарга жүк ташуучу машинелер менен азык-түлүк, чөп жиберилген,-делет маалыматта. Учурда жолдор кардан тазаланып, туткундан чыгуу аракеттери да жүрүп жатат.
Жазгүл Кенжетаева
Жазгүл Кенжетаева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек