Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Калкка кызмат көрсөткөн айдоочулар сыйланды

Аймак
30 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
48
 Ош шаардык мэриясында автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлоо аземи болуп өттү.
Вице-мэр Асылбек Топчубаев кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, мэриянын ардак грамоталарын тапшырды.
“Шаарыбыздын күнүмдүк турмуш-тиричилигин камсыз кылууда автомобиль транспортунун жана жол чарба тармагынын ээлеген орду чоң. Шаар тургундарына транспорттук кызмат көрсөтүүдө, жүргүнчүлөрдү ташууда майрам, дем алыш дебестен, элге кызмат кылууда эмгегиңиздер өзгөчө”,-деди вице-мэр.
 Тиешелүү кызматкерлер Ош шаардык кеңешинин ардак грамоталары менен да сыйланышты.
Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу