Курс НБ на 20.02.2019 $69,7155 €79,0887

Кадамжайда уурулуктун бети ачылды

Аймак
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
45
Кадамжай районунун Орозбеков айылындагы эч ким жашабаган 44 жаштагы тургунунун үйүнөн 2018-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын 3-январына чейинки аралыкта белгисиз атуулдар анын турак үйүнө киришип, 1 даана LG үлгүсүндөгү муздаткычын, 1 даана BEKO үлгүсүндөгү муздаткычын, 1 даана АEG үлгүсүндөгү печкасын, 1 даана печкасын, 3 даана килемдерин жана чөп оруучу аппараттарын уурдап, изин жашырып кеткен. Натыйжада жабырлануучуга 200000 сом өлчөмүндө зыян келген.
Бул арыз Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кадамжай РИИБнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен ошол эле айылдын тургуну, шектүү 28 жаштагы А.Т. аттуу жаран кармалып келип, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Дамира Юсупова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу