Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Кадамжайда 3 эм бала төрөгөн эне үй салуу үчүн жер тилкесине муктаж

Аймак
30 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
643
Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн 37 жаштагы тургуну Жибекгүл Исмаилова Ош областук төрөт үйүндө 2-сентябрда 3 эм төрөдү. Турмуш басылмасынын кабарчысы  балдардын энесинен кабар алды.
Анын айтымында, 1 уул, 2 кызды операция жолу менен төрөдү. Уулу 2 кг 460 грамм, биринчи кыз 1 кг 930 грамм, экинчи кыз 2 кг 165 грамм салмакта төрөлүштү. Бүгүнкү күндө эненин жана балдарынын акыбалы канааттандыраарлык. Учурда балдардын ден соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө.
«Үй-жай курганга жерибиз жок. Келечекте балдарыбызга жакшы шарт түзгөнгө жер берилсе жакшы болмок», - деди Исмаилова.
3 эм төрөлгөндө Бирлик айыл өкмөтүнөн 10 миң сом, Кадамжай райондук мамлекеттик администрация тарабынан 15 миң сом, ал эми Айдаркен шаардык ооруканасы тарабынан ар бир балага белектер берилген.
Жибекгүл 41 жаштагы жолдошу Кубанычбек Ысмайыловго 1999-жылы турмушка чыккан. Биринчи кызы Мырзайым 2001-жылы, экинчи кызы Жасмин 2003-жылы, үчүнчү кызы Тунугай 2005-жылы жарык төрөлгөн. Бүгүнкү күндө жубайлар 5 кыз 1 уулдун ата-энеси болушту.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.