Курс НБ на 23.09.2018 $68,8964 €80,9533

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жаңы бышкан жана кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү, таңгактоочу ишкана ачылуу алдында

Аймак
14 - Март 2018
www.erkintoo.kg
154
Кыргыз Орус Өнүктүрүү фондунун жана ЮСАИДдин Агро горизонт долбоорунун колдоосу менен курулган бул чакан ишканада кургатылган мөмө жемиштер упаковкаланып, экспортко чыгарылат.
Ишкана жетекчиси Сардор Мадазимовдун айтымында, курулушка жана керектүү жабдууларды орнотууга 15 млн сомго жакын каражат жумшалган.
Ишкананын ачылышы менен 30 жумуш оруну түзүлөөрү жана күнүнө  2 тонна 400 кг мөмө-жемишти кайра иштетүү күтүлүүдө. "Ишкана үстүбүздөгү жылдын апрель айында толук кандуу ишке кирет,- дейт аталган ишкана жетекчилиги.
Цехте өрүк, шабдаалы, кара өрүк, алмурут, гилас, ит мурун, долоно сыяктуу мөмө-жемиштер кайра иштетилип, таңгакталат. Учурда технологдор жумушчуларды окутууда.
Ишкананын ишмердүүлүгүнөн кабар алган КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, бул чакан цех Эл аралык стандартка ылайыкташтырылып курулганын, бул жерден кайра иштетилип, чыгарылган продукция, дүйнөлүк рыноктун талаптарына толук жооп берээрин жана аймактарды өнүктүрүүдө мындай чакан ишкердиктин өнүгүшү зор мааниге ээ экенин белгиледи.
Белгилей кетсек Кадамжай районунда жыл сайын орточо эсеп менен 21663 тонна мөмө-жемиш өндүрүлөт, анын ичинен 10200 тоннасы ички керектөөгө жумшалып, калган көлөмү экспорттолот.
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.