Курс НБ на 22.07.2018 $68,2377 €79,4389

Кадамжай районунда дарылык касиетке ээ болгон ичүүчү суу чыгарган чакан ишкана ишке берилди

Аймак
13 - Март 2018
www.erkintoo.kg
120
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Абсамат Масалиев айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылында  табигый тоо булак суусун чыгарган чакан ишкана ачылды.
20 кишини жумуш орду менен камсыздаган бул ишкананы ачуу үчүн “Улар-Аква” ЖЧК 5млн сомго жакын каражат жумшаган. Керектүү жабдуулардын баарын Кытай мамлекетинен алып келишкен. “Бант” деп аталган суу Кароол айылынын жайлоосундагы  Улуу тарыхка ээ болгон булактан алынып келинет. Учурда саатына 1000литр суу кайра иштетилүүдө. Чыгарылган продукция облустун аймагында сатылууда.
Ишкананын ишмердүүлүгүнөн кабар алган КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев бул демилгени колго алып, ишке ашырган жеке ишкер Шерали Маматалиевге ыраазычылыгын билдирип, келечекте ишкананы кеңейтүүгө колдоо көргөзөөрүн билдирди. Ошондой эле жергиликтүү сырьену кайра иштетүүнүн артыкчылыгын белгиледи.
 Адистер бул эң жогорку сапаттагы, газдалбаган булак суусу, кант диабети,ичеги карын, бөйрөк ооруларын айыктыруучу дарылык касиетке ээ жана жаңы төрөлгөн ымыркай балдарга, диеталык тамактануу үчүн колдонууда пайдалуу экендигин айтышты.
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.