Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Йод жетишсиздигинин алдын алалы

Аймак
31 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
46
  Ошто калк арасындагы йод жетишсиздигинин алдын алууга арналган «Кыргызстанда йоддолгон тузду өнөктөштөр менен биргеликте жүргүзүүдө коммуникациялык стратегияны иш жүзүнө ашыруу» темасындагы тегерек стол болуп өттү.
Ага  Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси Г.Ташмурзаева, түштүк региону боюнча жетекчиси Ж.Муратова, Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы С.Курбаназаров, Ош облусунун, Ош шаардык бийлигинин өкүлдөрү, Кыргызстандагы туз өндүрүүчү ассоциациянын башчысы Б. Джангазиева катышышты. Ошондой эле жыйынга саламаттыкты сактоо жаатындагы тиешелүү өкүлдөр, эндокринолог дарыгерлер, туз өндүрүүчү ассоциациялардын өкүлдөрү келишти. Тегерек столду Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу республикалык ден соолукту чыңдоо борбору , аталган борбордун түштүк филиалы биргеликте уюштурган.
Калктагы йод жетишсиздигинин алдын алуу жана йоддолгон тамак-аш тузун реализациялоо жөнүндөгү коммуникациялык стратегияны иштеп чыгуу максатына арналган тегерек столдо алгач Кыргызстанда өндүрүлгөн жана сатыктагы йоддолгон туздарга жүргүзүлгөн ички жана сырткы мониторингдин жыйынтыгы менен Б.Джангазиева тааныштырды. Анда 2017-жылдагы изилдөө боюнча өлкө калкынын 90 пайыздан көбү йоддолгон туз колдоноору,  адамдар арасында эндемикалык богоктун азайганы аныкталган.
Жыйында йод жетишсиздиги калкыбызда акыл-эстин, дененин физикалык жактан өрчүүсүн артта калтырып жатканы боюнча сөз болду. Элдин ден соолугу, өсүп келе жаткан балдардын нормалдуу өсүүсү, алардын келечеги үчүн  йоддолгон туздун орду эбегейсиз экендигин  адистер белгилешти. Йоддолгон туз гана йод жетишсиздигинин алдын аларын дарыгерлер айтышты.  Ата-Мекендик тамак аш тузун иштеп чыгуучу ишканалардагы йоддолгон аш тузунун сапаты, сактоо мөөнөтү, санитардык абалы, жоопкерчилиги талкууланды. Оштогу туз өндүрүүчүлөрдү бир алкакка бириктирип, сапаттуу тамак-аш тузун өндүрүп чыгаруу айтылды. Аны колдоп, долбоорго ылайык финансылык жактан жардам берүүнү мэриянын өкүлү билдирди.
Адис С.Курбаназаров- талап боюнча туз даярдалган жер кургак, таза, жарык түз тийбей турган болуш керектигин, сатылбай көпкө турган тузда йоддун курамы азайып кетээрин белгиледи. Ал эми үйдө тузду капкагы бар, атайын идиште сакталганы туура экени, сатып аларда таңгактын бүтүндүгүнө, боорундагы белгиге, салмагына, каттоо мөөнөтүнө ж.б. карап тандоо керектиги адистер тарабынан эскертилди.                     
 Гүлбара  Мамазияева, Жалал-Абад облусу 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу