Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

JICA колдоосу менен “Бир айыл-бир продукт” долбоору ишке кирет

Аймак
14 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
168
Ош шаарынын вице-мэри Н.Кадыров JICAнын башкы кеңешчиси Огава Масазуми мырза менен жолукту. Жолугушуунун алкагында JICA колдоосу менен ишке ашып жаткан “Бир айыл-бир продукт” долбоорун Ош шаарында ишке ашырып, жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
 Ош шаарынын вице-мэри шаарда өндүрүлүп жаткан продукциялардын сапатын жогорулатып, сырткы рынокко чыгарууга чоң өбөлгө түзүлө тургандыгын, Ош шаарынын мэриясы JICA сунушталган  “Бир айыл-бир продукт” долбоорун ар тараптуу колдоого даяр экендигин баса белгиледи.
 Ал эми JICAнын башкы кеңешчиси Огава Масазуми мырза “Бир айыл-бир продукт” долбоору буга чейин Ысык-Көл областында ишке ашкандыгын, Ош шаарында да бул багытта иштер жүрүп, ишкерлер өз колундагы  жергиликтүү ресурстарды пайдаланып эле  өз чеберчиликтери менен дүйнөлүк рынокко чыйыр салса боло тургандыгын айтты. Ошондой эле, эң негизгиси өндүргөн продукциянын сапаты экендигин кошумчалады.
 Белгилей кетсек, “Бир айыл-бир продукт” долбоорун ишке ашыруу боюнча JICAнын өкүлдөрү  Ош шаары жана Ош, Баткен, Жалал-Абад областарынан келген жеке ишкерлер менен жолугуп, жыйын өткөрүштү.
 Ризван  Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.