Курс НБ на 20.02.2019 $69,7155 €79,0887

​«Ийгиликтүү аймак» натыйжалуу долбоор

Аймак
08 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
49
7-февралда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ЮСАИДдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын жетекчиси Гэри Линденди кабыл алды. Эмилбек Алымкулов Гэри Линден мырзага Нарын шаары тууралуу маалымат берип, ЮСАИД уюму менен буга чейин болуп келген кызматташтык мына ары да жемиштүү улана берүүсүнɵ тилектештигин билдирди. Ошону менен бирге туризм тармагын ɵнүктүрүү, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу, логистикалык борбор куруу, таштандыларды иргей турган нерселерди ишке киргизүү, аймактык кеӊселерди техникалык жабдуулар менен камсыздоо сыяктуу маселелер боюнча кызматташуу сунушун ортого салды. Ал эми учурда иштеп жаткан «Ийгиликтүү аймак» долбоору боюнча жакшы пикирин айтып, ыраазычылык билдирди.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу