Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Гуманитардык экспедиция Памир кыргыздарынан кабар алышты

Аймак
20 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
515
Памир кыргыздарына жардам берүүгө аттанган  гуманитардык экспедиция 3-октябрдан 11-октябрга чейин Афганистандын Улуу жана Кичи Памир аймагына 8 жүк ташуучу унаа менен 90 тоннага жакын жүк жеткирип,  боордошторубуздан кабар алып кайтты. Экспедициянын башкы максаты  гуманитардык жардамдан сырткары, топтун курамындагы дарыгерлер Памир кыргыздарынын ден соолугун текшерип келишти.
Делегациянын курамында ӨКМ, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин, өкмөт менен парламент аппараттарынын өкүлдөрү менен биргеликте  ОшМУ “Чет өлкөлүк кыргыздарды изилдөө” борборунун жетекчиси Расул Абазбек уулу да сапарга бирге барды. Мурдагы экспедициялардан айырмаланып, бул жолу Кыргызстандан барган жардам кыргыздардын айылдарына түз жеткирилип, алардын реалдуу турмушун көрүүгө шарт түздү.
Борбордун максатына ылайык,  Памирде жашаган боордошторубуздун балдарынын билим деңгээлин болжолдуу болсо да аныктоо эле. Тилекке каршы, жеткинчектердин дээрлик бардыгынын сабаты жоюлган эмес, географиялык-климаттык шарты оор аймакта билимсиздик өкүм сүрөт деди Абазбек уулу Расул. Афган өкмөтү Улуу Памирге быйыл чакан болсо да оорукана салып берген, жана дагы бир кичинекей мектептин курулушу бүтө элек. Учурда Улуу жана Кичи Памирди жердеген боордошторубуздун саны 1500 кыргызга чукулдап барат. 
 
Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.