Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Грек–рим күрөшү боюнча эл аралык турнир башталды (фоторепортаж)

Аймак
05 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
30
Ош шаарындагы “Алыш” спорт-комплексинде  “Алыш” күрөш борборунун негиздөөчүсү,Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган грек–рим күрөшү боюнча VII эл аралык турнир башталды. Ага Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана республиканын 7 облусунан 200 жакын спортчулар катышты. Спортчулар салмактын 8 категориясы боюнча күч сынашат.
    Иш-чараны Ош шаарынын вице-мэри Замирбек Аскаров сөз сүйлөө менен ачып, шаардын коомдук турмушундагы спорттун маанисине токтолуп, турнирге катышып жаткан спортчуларга ийгилик каалады. Ошондой эле турнирдин ачылыш салтанатына спортко эмгек сиңирген мастер, маркум Б.Эркинбаевдин туугандары жана жакын адамдары, машыктыруучулар менен спортчулар, Ош шаардык мэриясынын физикалык маданият жана спорт комитетинин кызматкерлери катышышты. Жеңүүчүлөргө медалдар, акчалай сыйлыктар тапшырылат.
  Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу