Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Эски ФАПтын ордуна, жаңысы курулду

Аймак
18 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
570
Жар-Коргон айылындагы ФАПтын качан курулганы жөнүндө так маалымат жок. 40-жылдары курулган имарат  пайдалануудан кийин союз кезинде ФАПтын кызматын аткарган дешет жергиликтүү тургундар. Ушу тапта Ноокат  районундагы Н.Исанов айыл аймагындагы Жар-Коргон айылына эл аралык уюмдардын көмөгү, жергиликтүү  тургундардын колдоосу менен жаңы ФАПтын имараты курулууда. Анын курулушуна Эл аралык донор уюмдарынан 1,8 млн сом бөлүнгөн. “Биздин максат бөлүнгөн каражатты үнөмдүү пайдаланып, суук түшкөнгө  чейин жаңы  курулушту бүткөрүп алуу”-дейт аталган айыл өкмөт башчысынын орун басары Үсөн Маткалыков.
   Жаңы ФАПтын  курулушу  бүтсө, 3 миңден ашуун калкы бар айылдын калкынын медициналык  тейлөөсү жакшырат, 4 жумуш орду түзүлөт.
Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.