Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Эми көп кабаттуу үйлөр Оштун көркүн ачат

Аймак
20 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
387
Бүгүн, 20-апрелде Ош шаарынын мэриясында турак жай маселелери боюнча атайын байкоочу кеңештин жыйыны болду. Ага вице-мэр, байкоочу кеңештин төрагасы  Шакир Зулимов жана кеңештин мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы  билдирди. Анда айтылгандай, Ош мэриясы өлкө тарыхында алгачкы жолу өз алдынча турак жай курууну ишке ашыруунун алдында турат. Курула турган турак жай 9 кабаттан, 130 батирден кем эмес болуп,  шаардык муниципалдык менчикке бекитилип берилген 361 батирдин, алгачкы төлөмдөрүнөн түшкөн акча каражаттарынын эсебинен курулат. Мэриянын Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин директору Кутманалы Абдырахман уулу билдирген боюнча, шаар мэринин аппараттык кеңешинде бул долбоор боюнча атайын иш-план бекитилген. Ал иш-планга ылайык, ипотекалык негизде берилүүчү көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери ушул жылдын июль айларында башталат. Учурда курулуш иштеринин долбоордук сметалык документтери толугу менен даярдалууда.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.