Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Элчи Батырали Сыдыков эскерилди

Аймак
30 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
47
Ош шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Батырали Сыдыковдун “Өмүр дастаны” аттуу  китебинин бет ачары болуп өттү. Китеп автор көзү өткөндөн кийин жарыкка чыкты. Китептин бет ачар аземине  Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У. Жылкыбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, маркумдун  санаалаштары, ардагерлер жана студенттер катышты.
Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов Батырали Сыдыковдун басып өткөн жолу жана  инсандык бейнеси жаштарга үлгү экендигине токтолду.
Батырали Сыдыков 1939-жылы туулган. Союз убагында компартиянын жооптуу кызматтарында иштеген. 1990-жылы Ош облусунун губернатору, 1995-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, 2001-жылы “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эл аралык кызматташтыгын  өнүктүрүүнүн социомаданияттык  модели” аталышындагы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
2001-жылдын декабрь айынан тартып, борбордогу Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин ректору болуп 7 жыл жетектеген. Бир канча сыйлыктардын  ээси болгон.
 
  Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу