Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

Экотехинспекция Алайдын добуш берүү жайларын текшерүүдө

Аймак
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
538
Мамэкотехинспекциянын Алай, Чон-Алай райондору боюнча бөлүмүнүн энергетикалык жана өрт коопсуздугу боюнча инспекторлору 2016-жылдын 11-декабрында өтө  турган  жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо жана референдум өтө турган шайлоо участкаларынында пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүдө. Мындай маалыматты Экотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирет. Текшерүү учурунда кемчилик кеткен жерлерде акт түзүлүп, жазма буйруктар берилип түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Маалыматтарга караганда, Алайда  14 айыл өкмөттө жалпысынан 43 шайлоо аймагы бар. Учурда  6 айыл өкмөттө, 24 шайлоо аймактарында текшерүү иштери жүргөн. Калган аймактар дагы текшерүү улантылууда.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.